Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев 19-мартта эки тараптуу суроолорду кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин алкагында Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 1-2-февралында Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.
Кохир Расулзода эки мамлекет соода-экономикалык алакаларын өнүктүрүү керектигин айтты.
"Азыркы тапта соода жүгүртүүнүн расмий статистикасы эки өлкө ортосундагы учурдагы мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырбайт. Буга байланыштуу тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарын кеңейтиши керек. Өзгөчө экономика, транспорт, энергетика жана айыл чарба жаатындагы эки тараптык кызматташтыкты активдештирүүгө көңүл буруу керек", - деди Кохир Расулзода.
Өз кезегинде вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев кыргыз тарап соода-экономикалык жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, бардык тармактар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүү, соода жүргүзүү жана товарларды ташуу үчүн алгылыктуу жана өз ара пайдалуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин белгиледи.
"Кыргыз Республикасы эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдар. Ушуну эске алуу менен биз буга чейин мамлекет башчылары ортосунда жетишилген макулдашууларды сапаттуу жана өз учурунда аткаруу боюнча бардык чараларды көрөбүз", - деди Кенекеев.
Жолугушуунун жыйынтыгында тажик тарап ушул жылдын сентябрь айында өтүүчү үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык театралдык фестивалга катыша тургандыгын ырастады.