21-март күнү Нооруз майрамына байланыштуу Бишкек шаарынын кээ бир көчөлөрү жабылат. Мындай чектөө коомдук тартипти камсыздоо максатында киргизилип жатканын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Чүй кең көчөсүнүн Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы, Эркиндик бульвары, Панфилов, Орозбеков, Раззаков көчөлөрү Чүйдөн жана Киев көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат. Андан сырткары Абдумомунов жана Фрунзе көчөлөрүнүн өкмөт үйүнө жакын бөлүктөрү унаалар үчүн убактылуу жабылат.
Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери республика боюнча жарандар көп жайгашкан жерлерде, иш-чараны массалык түрдө өткөргөн жайларда кызматта болушат.