Бүгүн Бишкекте футзал боюнча Өлкө кубогунун жарым финалы орун алат

Бүгүн, 20-мартта Бишкек шаарында футзал боюнча 2017-2018-сезондун Өлкө кубогунун жарым финалдык беттештери орун алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде 4 команда өз ара беттешип финалга жолдомо жеңип алууга аракет кылышат.

Айта кетсек, Өлкө кубогунун финалдык бөлүгү 17-мартта старт алган, анда 8 команда 2 тайпага бөлүнүп 19-мартка чейин тайпалык баскычтын алкагында жеңүүчүлөрдү аныктаган. Мындан улам ар бир тайпадан 2 мыкты команда эми жарым финалда күч сынашмакчы. Жарым финал бүгүн өтсө, финалдык баскычтын беттештери эртең, 21-мартта орун алат.

Тайпалык баскычтын жыйынтыгында жарым финалга "Налоговик" (Бишкек-Чүй), "Sun City" (Бишкек-Чүй), "EREM" (Ош) жана "Мурас" (Ысык-Көл) командалары аттанган.

Футзал боюнча Өлкө кубогу, жарым финал:

17:00 "Налоговик" - "Sun City";

19:00 "EREM" - "Мурас".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан