Кыргыз мушкерлер Таиландда өткөн тай бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда 3 медаль жеңип алышты

Кыргыз мушкерлери Таиландда 11-19-март аралыгында өткөн тай бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда 3 медаль тагынышты. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынан билдирди.

Бангкок шаарында өткөн мелдеш 77 өлкөнүн 300гө жакын спортчусунун катышуусунда өткөн. Мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 3 спортчу катышкан. Алар 1 алтын жана 2 коло медаль тагынганга үлгүрдү.

Жаштар арасындагы 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Айбике Исаева финалдык беттеште тунистик мушкердин үстүнөн жеңишке жетип, алтын медалды тагынды.

Бегайым Какчекеева 54 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, жарым финалда болгариялык мушкерден жеңилүү ызаасын тартып, коло медалдын ээси болду.

Ал эми Сергей Смирнов эркектер арасындагы 86 килограммга чейинки салмак ченинде беттеш жүргүзүп, коло медаль жеңип алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан