Бокс боюнча Кыргыз курама командасы жаштар арасында Азия чемпиондугуна даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жаштар арасындагы Азия чемпиондугу 19-28-апрель аралыгында Таиланддын Бангкок шаарында өтөт. Бул мелдешке даярдануу максатында Кыргыз курама командасы Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Кыргыз курамасынын машыктыруучусу Замир Бакубаев курамга 9 спортчуну чакырган.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
49 килограммга чейинки салмак ченинде: Султан Асанкан уулу - спорт чеберине талапкер;
52 килограммга чейинки салмак ченинде: Айтбек Асан уулу - спорт чеберине талапкер;
56 килограммга чейинки салмак ченинде: Санжар Сейдакматов - спорт чеберине талапкер;
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Умар Кубанычбек уулу - спорт чеберине талапкер;
64 килограммга чейинки салмак ченинде: Илгиз Матмусаев - спорт чеберине талапкер;
69 килограммга чейинки салмак ченинде: Нурадин Рустам уулу - спорт чеберине талапкер;
75 килограммга чейинки салмак ченинде: Мирбек Тойгонбаев - спорт чеберине талапкер;
81 килограммга чейинки салмак ченинде: Дастан Жумабек уулу - спорт чеберине талапкер;
91 килограммга чейинки салмак ченинде: Ислам Бектенов - спорт чеберине талапкер;
91 килограммдан жогорку салмак ченинде: Ахмад Усупов - спорт чеберине талапкер;
Машыктыруучу: Замир Бакубаев;
Ага машыктыруучу: Кенжебек Акелбаев.