ЖЫЛНААМА, 20-МАРТ: "Чыгармаларымдагы каармандарым куттуктап, көңүлүмдү көтөрүштү" дейт акын Жыпар Исабаева

Акын, жазуучу Жыпар Исабаева 1967-жылы 20-мартта Нарын облусунун Миң-Булак айылында туулган. Акынды туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, ал өзү жазган чыгармалардагы каармандары да куттуктап жатканын айтып сүйүндү.
"Мен үчүн жагымдуу сөздөн, сүйүүдөн, мээримден өткөн белек жок. Тааныштар, туугандар эртең менен мен тура электе эле куттуктап башташкан. Жумушка келгенде эмгек жамаатым куттукташты. Мен көп чыгармаларымды чыныгы жашоодогу адамдардын турмуштарынан алып жазам. Жазган чыгармаларымдагы каармандарым да туулган күнүмдү унутушпаптыр. Көпчүлүгү байланышып, жакшы каалоо-тилектерин арнашты. Кыскасы, жагымдуу сөздөргө көмүлүп калдым", - дейт акын.
Кошумчалай кетсек, Жыпар Исабаева Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Поэтикалык жана прозалык китептердин, обондуу ырлардын жана соңку убактарда тартылган айрым көркөм тасмалардын сценрийлеринин автору. Темир Бирназаров менен биргелешип “Кумар” тасмасынын сценарийин жазган.
20-марттын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dina.janym
2018-03-20 15:50:33
"КУМАР" аябай эле зеригиштүү кино го(((
Жыпара Исабаеванын чыгармачылыгын катуу сыйлайм!
Калемиңиз курчуй берсин!
Талантыңызга таазим!!!
+1
Aikyn93
2018-03-21 00:38:29
Менин бажамдын апасы болот.Туулган күнүңүз менен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан