Ош шаарында Нооруз майрамы бүгүн белгилене баштайт

Ош шаарында Нооруз майрамы бүгүн белгилене баштайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Майрам бүгүн, 20-мартта саат 17:00дөн 19:00гө чейин Ош шаарындагы 12 аймактык кеңеште жана Жапалак айыл аймактык башкармалыгында башталып, концерттик программалар, каада-салттар көрсөтүлүп, сүмөлөк кайнатылат. Саат 19:00дөн баштап Ош шаарынын борбордук аянтында "Кадыр түн" каадасы башталып, концерттик программа тартууланат. Ошондой эле "Сүйүү" эс алуу жайында сүмөлөк кайнатуу аземи башталат. Анда салттуу ырлар ырдалып, жаштар кадыр түн тосушат", - дейт маалымат кызматы.

Ал эми эртең, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында саат 09:00дө "Нооруз-2018" элдик майрамдоо "Нооруз – элдик нарктын, баалуулуктардын кайра жаралуусунун негизи!" аттуу ураандын алдында театралаштырылган оюн-зоок жана чоң программадагы концерт менен башталып, сүрөт көргөзмөсү менен коштолот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан