Быйыл Нарын шаарындагы Нооруз майрамын өткөрүүгө жалпы 30 миң сом каражат сарпталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
"Быйыл Нарын шаарындагы Нооруз майрамына карата даярдыктарды көрүүгө жалпы 30 миң сом каражат сарпталган. Быйылкы майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков өзү күбө болот. Шаар тургундары үчүн театрлаштырылган концерттик программа даярдалган", - дейт маалымат кызматы.
Ошондой эле борбордук "Ала-Тоо" стадионунда улуттук оюндар боюнча мелдештер орун алып, Кыргыздын каада-салты көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү өтө турганы маалымдалды.