Жалал-Абадда Нооруз майрамын белгилөө алкагында улуттук кийимдер жарманкеси өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаар жетекчилиги билдирди.
"Жалал-Абад шаарынын борбордук "Эркиндик” аянтында 21-март күнү Нооруз майрамына арналган кеңири программадагы иш-чара өтөт. Аянтта коомдук тамактануу жайлары ачылып, театралдаштырылган оюн-зооктор, кызыктуу спорттук мелдештер уюштурулат. Ошондой эле улуттук кийимдердин жарманкеси өтөт", - деп билдиришти мэриядан.
Майрамды өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен жалпы 70 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Акчанын негизги бөлүгү "Эркиндик" аянтын жасалгалоо жумуштарына сарпталган.