Ош облусунун Алай районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, ал бүгүн, 20-мартта саат 11:08дер чамасында катталган. Очогу Алай районунун Нура айылынан 20 чакырым түштүк-батышта, Көк-Суу айылынан 25 чакырым түштүктө, Кара-Киндик айылынан 33 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү очогунда 4 баллга жетип, Кара-Киндик жана Нура айылдарында 3 баллга, Эркечтам айылында 2,5 баллга чейин сезилген.