АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктабай жатканына Кремль "тескери жорууга болбойт" деген пикирин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 20-марттагы билдирүүсүндө Трамптын унчукпай коюшу анча жакшы эместигин билдирди. Ошондой эле Путин орус-америка мамилесин жакшыртууда дайыма ачык кадамдарга бара турганын айткан.
Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган эмес. Трамптын күн тартибинде Орусияда 18-мартта өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Путинди куттуктоо жоктугун Ак Үйдүн өкүлү Хоган Гидли билдирген.