Дональд Трамп Владимир Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен кечээ, 20-мартта телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Трамп Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, эки тарап Сириядагы кырдаалды талкуулашты. Мындан тышкары алар экономикалык кызматташууну күчтөндүрүү тууралуу сүйлөшкөнү айтылды.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктабаганы боюнча маалыматтар чыккан. Трамптын күн тартибинде Орусияда 18-мартта өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Путинди куттуктоо жоктугун Ак Үйдүн өкүлү Хоган Гидли билдирген.

Орусияда 18-мартта президенттик шайлоо өткөн. Анда Владимир Путин добуштардын 76,7 пайызын алып, жеңип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
s81
2018-03-21 07:57:31
Куттуктабашка XXXX да жок да Трамптын
0
ruslanz
2018-03-21 08:34:36
s81,Кайра кайра окуп тушунбой койдум,озун деле тушун-сон керек.
0
Altyn2017
2018-03-21 07:58:06
Азыр Путинден башка татыктуу киши деле жокда!
+4
ruslanz
2018-03-21 08:36:51
Бул саясат, татыксыздарды чыгарып, алардын арысында Путин мыкты корунгусу келген.
+2
abon
2018-03-21 09:25:19
эми после пожара болуптурда
-2
Safiya91
2018-03-21 11:40:24
Куттуктагыла коп коп куттуктагыла бири биринерди. Мамиленерди жакшырыткыла. Долларды тушургуло, рубльди которгуло бизге пайда))).
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан