Бишкек шаарындагы Гареев атындагы Ботаникалык бакта 1-апрель күнү улгайган адамдардын катышуусунда марафон уюштурулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 21-мартта марафондун уюштуруучусу Айдай Толонова билдирди.
Анын айтуусуна караганда, жарышка катышуу үчүн алдын ала электрондук дарекке кат жөнөтүү керек же 1-апрелде жарыш өтө турган жерге барып катталса да болот.
"Бул иш-чаранын негизги максаты - жарандардын дени сак жана узак өмүр сүрүүсүнө салым кошуу болуп саналат. Катышуучулар 500 метр жана 1 чакырым аралыкка чуркашат. Аларды каттап жатканда алгач ден соолугу дарыгерлер тарабынан текшерилип, андан кийин гана катышууга уруксат берилет. Ошондой эле марафон учурунда да катышуучулардын ал-абалын дарыгерлер көзөмөлдөп турушат. Учурда электрондук дарек аркылуу 90 адам катталды", - дейт Айдай Толонова.