
Норвегиянын юстиция, коомдук коопсуздук жана миграция министри
Сильви Листхёуг Facebook`тагы баракчасына жазган посту үчүн кызматтан кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, министрди отставкага кетирүүнү жергиликтүү оппозициялык партия демилге кылган. Буга саясатчынын Facebook`та калтырган билдирүүсү себеп болгон. Анда Сильви Листхёуг оппозициячыл партиянын депутаттарын "улуттук коопсуздуктан да террористтердин укуктарына көбүрөөк кам көрөт", - деп жазган.
Министрге ишеним көргөзбөө маселеси Норвегиянын парламентинде көтөрүлүп, ал үчүн добуш берүүгө бир канча саат калганда Листхёуг өзүнүн кызматтан кете турганын жарыялаган.
Маалымат булактары Сильви Листхёуг бул кызматта 63 күн иштегенин жазууда.