Бишкекте заманбап стилдеги белдемчилердин көргөзмөсү өтүп жатат

Бишкектеги Эмен багында "Белдемчи" аталышындагы этно-көргөзмө өтүп жатат. Көргөзмөгө жергиликтүү дизайнерлер Аида Майташева, Зухра Мукамбетова, Чолпон Аламанова, Нургүл Молдосанова жана Нагиня Керимбекованын эмгектери коюлган.

Ал эми бул иш-чаранын уюштуруучулары: "Көргөзмөнүн максаты - унутта калып бара жаткан улуттук кийимдерибиздин бири белдемчини кайра жандантып, коомго жайылтуу. Ошондой эле өсүп келе жаткан муунга анын баалуулугун, барктуулугун даңазалоо", - дешет.

Көргөзмөдө кыз-келиндерге арналган аксессуарлардын 30дан ашуун түрлөрү коюлган. Анда заманбап стилде жаштарга ылайыкталып тигилген белдемчилер жана бир нече жыл мурда чоң энелерибиз тагынган белдемчилери да бар.

Белгилей кетсек, көргөзмө 25-мартка чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mikra
2018-03-21 11:57:20
Канча сомдон экен сонун экен арзан болсо алмакмын
+1
Aizat_1991
2018-03-21 16:43:03
Мен дагы олло жагат да кайсы жерден тапсак болот коргозмо буткондон кийин Эмен багы кайсы жерде жайгашкан сураныч билип бергилечи суперчилер силер суперсинер го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан