Бүгүн, 21-мартта ырчы Назгүл Токтакунова 31 жашка толду. Бир күндө туулган күнү менен Нооруз майрамын белгилеп жаткан ырчыга байланышканыбызда ал SUPER.KG порталына адаттагыдай кече болорун билдирди.
"Биздин үй-бүлөдө өзүбүз кабыл алган салт бар. Кимдин туулган күнү болбосун сааттын жебеси 12ни какканда куттуктап баштайбыз. Биринчилерден болуп ата-энем куттуктады. Тартуулаган белектердин оригиналдуусу жээнимдин колго жасаган жаздыгы болду. Ал эми кечкисин жакын санаалаштарым менен ресторандардын биринде кече уюштурабыз. Буга чейин туулган күнүмдү индустардын сари кийимин кийип тосконбуз. Айтор, жыл сайын өзгөчө өткөрчүмүн. Быйыл курбуларым "кандай кийим кийип баралы?" деп күтүп алышыптыр", - дейт.
Эстрада ырчысы Назгүл Токтакунова 1987-жылы 21-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, Бишкек Гуманитардык Университетинин экономика факультетинин финансы-кредит бөлүмүн бүтүргөн. 16 жашында "Великий дворник" деген топко кабыл алынып, ошондон баштап сахнага кадам таштаган. Репертуарындагы популярдуу ырлар: Мирбек Атабеков менен биргеликте аткарган "Сагынган кезде" ыры, "Кусалык", "Сени тандадым" жана башкалар.
Белгилей кетсек, учурда Назгүл Токтакунова сахнага Yella деген каймана ат менен чыгып баштады.
21-мартка жылнаама.