Бүгүн, 21-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
"Күн менен түндүн теңелгенине туш келген Чыгыш элдеринин кылымдарды карыткан бул жаркын майрамы жаратылышты, адамдарды, коомду жаңыланууга, тазаланууга чакырат. Баба дыйкан жер айдап, үрөн сээп, келечектин камын көрөт.
Элибиз Ноорузду илгери үмүт, жакшы ниет менен тосуп, аманчылык тилеп, жакшылыкка умтулат. Быйыл дагы өлкөнү өнүктүрүү боюнча алдыга чоң максаттарды белгилеп, келечекке багытталган кадамдарды жасап жатабыз.
Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Кыргыз мамлекетинин көп улуттуу эли көздөгөн максатыбызга жетебиз. Кийинки урпактарыбыз сыймыктангыдай – гүлдөп өнүккөн жана кубаттуу мамлекет курабыз. Нооруз майрамыбыз эгемендүү Кыргыз элинин ынтымагын чыңдасын. Биримдигин бекемдеп, жаратман эмгегинин кайтарымын арттырсын.
Ар бир үй-бүлөгө жакшылыктарды, бакубат жашоо, бакыт-таалай алып келсин! Дасторконубуз нанга толсун, жергебизде молчулук, тынчтык жана биримдик болсун! Эгемендүү Кыргыз мамлекетибиз алдыга ишенимдүү кадам шилтеп, гүлдөп өнүгө берсин! Нооруз майрамыңыздар менен!" - деп айтылат өлкө башчысынын куттуктоосунда.