21-мартта "Инчон" эл аралык аэропортуна Кыргыз мамлекетинен 20 Кыргыз жараны келип конушту. Мындай маалыматты Кыргыз мамлекетинин Корея Республикасындагы элчилиги билдирди.
Анда айтылгандай, Кыргыз жарандары аталган өлкөгө EPS системи (чет өлкөлүктөргө иштөөгө уруксат берүү программасы) аркылуу жумушчу болуп барышкан.
"Элчиликтин кызматкери Кыргыз жеринен барган жарандарды тосуп алып, аларга ийгилик каалады. Келген жумушчулардын баары консулдук каттоого алынды", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин маалымдалгандай, Кыргыз жарандарына Корея Республикасынан келген эмгек келишимдеринин саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 30 пайызга көбөйгөн. Ошондой эле аталган өлкөдө мыйзамсыз жүргөн Кыргыз жарандарынын саны 2017-жылы миң адамдан ашса, учурда алардын саны 600гө жакын экендиги маалым болгон.
"Кореяга барып иштеп келүү үчүн эмне кылуу керек?" деген суроого бул шилтемеден жооп ала аласыз.