Бүгүн, 21-мартта "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына арналган чоң программадагы салтанаттуу концерт өтүп жатат.
Концертке белгилүү Кыргыз эстрада жылдыздары, фольклордук ансамблдер жана бий топтору катышып, көркүнө чыгарууда. Кыргыз элин куттуктап Орусияда жана Кыргыз жергесинде белгилүү болгон ырчылар Светлана Назаренко жана Жылдыз Осмоналиева келишкен.
Ырчылар аянтка чогулгандарды майрамы менен куттуктап, жагымдуу чыгарманы дуэт аткарып өтүштү.
Ал эми Нооруз өзгөчө майрам экенин белгилеген Светлана Назаренко:
"Нооруз - өзгөчө элдер жаздын, жаңы күндүн келишин майрамдаган өзгөчө майрам. Бул майрамды ар бир улут эле белгилей бербейт. Элибизди майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап көптөгөн жакшылыктарды жана өнүгүп-өсүүнү каалагым келет", - дейт ырчы.