Нооруз майрамында 20 мамлекеттин элчилиги дипломатиялык жарманке өткөрүштү

Бишкек шаарындагы Курманжан датканын айкелинин жанында дипломатиялык жарманке өткөрүлүп, ага 20 мамлекеттин элчилиги катышты. Бул иш-чараны уюштурууну Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги колго алган.

Жарманкеде ар бир өлкө өзүнүн улуттук баалуулуктарын көргөзүштү. Анда тамак-аш, аксессуарлар сатыкка коюлган. Каалоочулар ар бир элдин ашканасынан даам сызса, айрымдары сувенир, аксессуарларды алышууда.

Иш-чаранын ачылышын премьер-министр Сапар Исаков жасап, Кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Андан кийин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Майрамга келгендерге атайын концерттик программа даярдалган. Иш-чаранын концерттик бөлүгүндө шоу-бизнестин атактуулары калкка ыр майрам тартуулашты.

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамы шаңдуу майрамдалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан