14-июнь күнү саат 19:00дө Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылындагы 2-суу сактагычка 1963-жылы туулган, Киров көчөсүнүн №147-үйүнүн Владимир Шувалов аттуу жашоочусу чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады. Куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, саат 11:30да Шуваловдун жансыз сөөгүн табышып, туугандарына өткөрүп беришти.