Бишкек шаарынын Ак-Өргөө жаңы конушунда Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленүүдө

Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамын белгилөө максатында Бишкек шаарынын Ак-Өргөө жаңы конушунда Ленин райондук администрациясы жана билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чара өтүп жатат.

Аталган иш-чарага жергиликтүү тургундар, мектеп окуучулары катышып, Кыргыздын боз үйлөрү тигилип, алты бакан селкинчектер орнотулган. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты, улуттук кийимдери жана тамак-аштары көрсөтүлүүдө.

Ошондой эле иш-чара жергиликтүү мектептерде билим алган окуучулар жана мугалимдер тарабынан даярдалган концерттик программа жана улуттук оюндар менен коштолууда.

"Бул майрамдык салтанаттын негизги максаты - кыргыз элинин маданиятын көрсөтүп берүү жана жергиликтүү тургундарды ынтымакка, биримдикке чакыруу болуп эсептелет", - дейт Ленин райондук билим берүү борборунун адиси Калбүбү Иманкулова.

Мындан сырткары, Нооруз майрамын белгилөөдө уюштурулган спорттук иш-чарада, спорттун 9 түрүнөн мелдештер өттү.

"Ленин районундагы мектеп окуучуларына спорттун 9 түрүнөн оюндар уюштурулган. Алар футбол, волейбол, таяк тартыш, ордо жана башка. Бул спорттук иш чаранын негизги максаты өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөө болуп саналат", - деди Ленин районунун Спорт комитетинин төрагасы Канатбек Маматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан