Тоң районунун Кызыл-Туу айылында улуттук каада-салтты, кол өнөрчүлүктү жайылтуу жана райондор аралык ынтымакты чыңдоо максатында фестиваль болуп өттү. Анын алкагында Кыргыздын каада-салты боюнча Ысык-Көл облусундагы райондор аралык мелдеш да орун алды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, "Тоң" жаштар уюмунун төрагасы Адилет Алчикеев билдирди.
"Улуттук каада-салтты, кол өнөрчүлүктү жайылтуу жана райондор аралык ынтымакты чыңдоо максатында өткөрүлүп жаткан фестиваль эң жакшы маанайда өттү. Майрамды Тоң райондук администрациясы, "Тоң" жаштар уюму уюштурду. Ар бир райондон бирден боз үй тигилип, кыргыздын каада-салттары көрсөтүлдү. Катышуучулар каада-салт, улуттук оюндардын түрлөрү боюнча күч сынашып, жеңүүчү районго акчалай сыйлыктар берилди. Байге фонду 75 миң сомду түздү", - дейт Алчикеев.