21-март Нооруз майрамына карата Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтында жашыл аюу, акыра, пил өңдүү жаныбарлардын айкели тургузулду. Бул тууралуу "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаныбарлардын айкели Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун идеясы менен тургузулган. Шаардыктар үчүн дагы бир эс алуучу жайды орнотуу "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы тарабынан ишке ашты.