21-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалы орун алды. Анда Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасы менен кездешип, 2:1 эсебинде утуп алды. Оюндун аягында жеңишке жеткен "Ынтымактын" улакчысы Карыпбек Эшиев бүгүнкү оюн тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Оюн абдан жакшы өттү. Бул мелдешке бардык командалар кышы бою даярданган. Бардыгыбыз эмгектенип машыгууларды уюштурганбыз. Мелдештин жүрүшүндө бизге күчтүү командалар туш келсе дагы, оюндарды ийгиликтүү жыйынтыктап, биздин жеңиш менен аяктады. Оюнга "акыл менен ойнойлу" деген тактика менен чыкканбыз. Эсеп саны 1:0 болуп жатканда өзүбүз карманып жаттык. Биригип, бири-бирибизге сылык сүйлөп, ар кандай сөздөрдү айтып ачууга алдырбайлы деп жаттык. Жыйынтыгында "билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат" дегендей аягында биз жеңишке ээ болдук", - дейт улакчы.
Айта кетсек, 1-орунду багындырган "Ынтымак" командасы 400 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болсо, "Достук" командасы 2-орунду ээлеп 200 миң сомго ээ болду. Ал эми 3-орунду ээлеген "Биримдик Аю" командасы 100 миң сом, 4-орунду ээлеген "Арашан" командасы 75 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.
Эске салсак, 2017-жылы Нооруз майрамына карата өткөн мелдештин финалында "Ынтымак" менен "Достук" беттешкен. Анда да бүйүр кызыткан беттештин жыйынтыгында "Ынтымак" 8:7 эсебинде жеңишти илип кеткен.