Нооруз майрамынан кийин борбордук Панфилов атындагы сейил бак таштандыга толуп, көркү кетип турат.
Ак Үйдүн коргонунун түбүнө жыйылган таштандыны, көк чөптүн үстүндөгү желим баштыктарды, арыкка толгон желим бөтөлкөлөрдү көрүүгө болот.
Мындай жагдай биринчи ирет болуп жаткан жок, борбор шаарыбыздагы массалык түрдө майрамдалган ар бир майрамдын соңунда ушундай көрүнүштөр орун алат.