Орусиядагы алгачкы 5G интернети Москвадагы "Сколково" инновациялык борбордун аймагында ишке кирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, жаңы ишке кирип жаткан 5G интернетин түрдүү тармактарда колдонуп көптөгөн ийгиликтерди жаратса болот.
"Биз "Сколководо" ар түрдүү пилоттук долбоорлорду даярдап келгенбиз. Эми 5G интернеттин негизинде айыл чарбага керектүү жаңы инновациялык техникаларды ишке киргизүү, чоң курулуш имараттарын дрон аркылуу кайтаруу сыяктуу долбоорлорду ишке ашырабыз", - деп билдирген "Сколково" фондунун жетекчиси Игорь Дроздов.
5G - азыркы тапта иштелип жаткан интернет байланыштын 5-мууну. Адистердин айтымында, 5G интернеттин кеңири тарашы адамдар үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет.
Азыркы тапта дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө 5G интернет сыноодон өтүп жаткан кези. Орусияда 5G интернет иш жүзүндө Футбол боюнча дүйнөлүк Чемпиондук өтүп жаткан мезгилде сынактан өтөт.
Ал эми Япониянын бийлиги 5G интернет байланышын 2020-жылга чейин өлкөнүн аймагындагы ар бир жаранга жеткиликтүү кылуунун үстүндө иштеп жаткан кези. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, 2020-жылы Японияда өтө турчу Олимпиада оюндары бүткүл дүйнөгө 5G интернет байланышынын жардамы менен көрсөтүлөт.