Футболдогу карьерасын жыйынтыктаган Роналдиньо эми саясатка келет. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда. Анда "Барселона" жана Бразилиянын курама командасынын мурдагы футбол жылдызы быйыл өз өлкөсүндө өтө турган парламенттик шайлоодо ат салыша турганы айтылат.
Маалыматтарга ылайык, Роналдиньо Бразилиянын республикалык партиясынын (PRB) тизмесине кирген. Аталган өлкөдө парламенттик шайлоо 2018-жылы өтөт. 38 жаштагы Роналдиньо "мен өлкөнүн жаңыланышына жана жакшырышына багытталган программасы бар партиянын катарына кошулганыма кубанычтамын", - деп билдирген.
Роналдиньо мүчө болгон партия салттуу баалуулуктарды коргогон, ультраконсервативдүү көз карашы менен белгилүү. Партиянын негизги демилгелеринин бири ЛГБТны катуу көзөмөлгө алуу. Мындан тышкары салттуу эмес сексуалдуулукка, окшош жыныстагылардын үй-бүлө курушуна каршы туруп, аларды милдеттүү түрдө дарылоодон өткөрүү.