АКШда 6 балалуу эненин 2 буту менен 2 колу суук тийгенден улам кесилди

АКШнын Юта штатынын 38 жаштагы Тиффани Кинг аттуу жашоочусунун 2 колу менен 2 буту суук тийгендиктен кесилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, эненин суук тийгизип алуусу оорунун өрчүп кетишине алып келген.

"Тиффанинин дем алуусу оорлошуп ооруканага жеткирилген. Ооруканадан ага суук тийгенин, ал бактериялык пневмонияга айланып кеткенин аныкташкан. Бул илдет Тиффанинин сепсис (кандагы инфекция) дартына чалдыгуусуна себеп болгон. Жыйынтыгында бейтап комага түшүп калган. Дарыгерлер Тиффанинин артритке каршы ичип жүргөн дары каражаты анын иммундук системин начарлатканын айтып, колу менен бутун кесүүгө аргасыз экенин билдиришкен", - деп жазылат маалыматта.

Ал Моале Фонохема аттуу сүйүктүүсү жана 4 жаштан 27 жашка чейинки 6 баласы менен жашаган.

"Албетте, дарыгерлердин билдирүүсү аябай коркунучтуу болду, бирок бул ооруну ал жеңип чыгарына ишенгем. Мен сүйүктүүмдөн баш тартпайм. Чынында биз үйлөнүү тоюбузду өткөрүүнү пландап жатканбыз. Баарынан да тилегибиз ишке ашканын каалайбыз", - деп билдирген Фонохема.

Учурда бейтап эсине келип, ден соолугу жакшыра баштады. Анын колу менен бутуна протез орнотуу үчүн акча чогултула баштаганы кошумчаланат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Okunboim.
2018-03-22 12:07:12
Боорум ачыды
+3
Mirlan27011987
2018-03-22 12:13:47
Ооруну жашырсан олум ашкерелейт.
+6
raikakyz
2018-03-22 12:39:30
Кудай сактасын.Ооруну алдын алган жакшы негизи,биз дагы журо беребиз го,качаан жыгылганда барабыз.Кудайым жамандыктан сактасын элимди.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан