Акыйкатчы Кубат Оторбаев Орусиянын Рязань облусунда 13 Кыргыз жаранынын укуктарын бузгандарды жазалоо талабы менен Орусиянын адам укуктары боюнча атайын өкүлү Татьяна Москальковага кайрылды. Оторбаев кайрылуу катында Москальковадан буга байланышкан фактыларды көзөмөлгө алуусун өтүнгөнүн Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
Акыйкатчы өз катында: "Күнөөлүүлөр Орусия Федерациясынын жана эл аралык нормалардын чегинде жазаларын алышы керек. Анткени аталган факты Орусиянын Кылмыш кодекси менен карала турган заманбап кулчулукту көрсөтүп турат", - деп белгилеген.
Белгилей кетсек, Орусиянын Рязань облусунда 13 Кыргыз жараны кулчулуктан бошотулганын 19-мартта Ички иштер министрлигинен кабарлашкан. Алар аталган облустагы "Февраль" жоокерчилиги чектелген коомунун кийим тигүү цехинде иштеп жүрүшкөн.