Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик кызматкерлери апрель айында 3 күн катары менен эс алууга мүмкүнчүлүк алышат. Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков "Кыргыз Республикасындагы дем алыш күндөрүн жылдыруу" боюнча токтомго кол койгон. Токтомдун негизинде 7-апрель (Апрель революциясы) ишемби күнгө туура келгендиктен эс алуу күнү дүйшөмбү күнгө, 9-апрелге жылдырылды.
Ошондой эле 30-апрелдеги иш күнү 28-апрелге жылдырылды. Бул орун алмашуу бюджеттик мекемелерде, 5 күндүк иш тартиби менен иштеген кызматкерлердин 29-апрелден 1-майга чейинки 3 күн эс алуусун камсыздайт.