Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу 2 көчө жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча жалпы оңдоо иштери 18-мартта башталып, 15-июнга чейин бүткөрүлөт.
"22-марттан баштап Бишкектеги Айни жана Псковский көчөлөрү Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнө чейин жабылды. Ошондой эле Эркиндик бульварынын Түгөлбай Ата көчөсүнөн Москва (батыш бөлүгү) көчөсүнө чейинки аралыгы жабылды. Аталган көчөлөрдөгү оңдоо иштери 15-майга чейин жүргүзүлөт", - дейт басма сөз кызматы.