Интернетти ар бир айылга жеткирүү үчүн Дүйнөлүк банк Кыргыз өкмөтүнө 50 миллион доллар бөлдү

Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши “Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия” (Digital CASA) долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз өкмөтүнө 50 миллион доллар берүү боюнча келишимди бекитти. Бул тууралуу аталган банктын өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, бөлүнгөн каражаттын 25 миллион доллары гранттык негизде берилет. Долбоордун алкагында интернет түйүнүн өлкөдөгү ар бир айылга жеткирүү каралат. Бул өз кезегинде адамдын потенциалын жогорулатып, миңдеген жаштардын интернет аркылуу билим алуусуна шарт түзүп, санариптик коомдун түзүлүшүнө жол ачмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Nurik1988
2018-03-22 10:52:50
Баяагы эле чонтоко кететтв
+3
Sogushov
2018-03-22 10:54:56
Башкалар берген акчага еле кыргызстан онуксо болгудай налог жок еле эгерде коррупция жок болсо
+5
Dany
2018-03-22 11:07:41
А аттин дагы кимдир бироолор байыйт экен
+3
vavilon.
2018-03-22 11:16:48
Жеткиргиле кабельный интернетти ар бир айылга. Уюлдук операторлор дагы атаандашып тейлоосун жакшыртат анан
+9
cyrus
2018-03-22 11:18:15
Айылга келгенде акчасы жетбей калбасын дагы
+3
Jarma
2018-03-22 11:37:00
Оппоооо...эми ушу жетишпейт жатты эле.Же акчадан жок же интернеттен жок калбасак болду.Анча ммынча жерге 3G алып барып коёт дагы мына биз кыйраттык деп чыгышат.
+2
grace
2018-03-22 11:44:34
Бул деген карыз! Кайра эле эл төлөйт! Жети баштуу желмогуз жемкорлор жеп албай туура иштетиле!
+2
Ask094
2018-03-22 11:48:33
Депутаттар батырак болушуп алгыла эми эл билип кала электе. Супер инфо айтпаса ким билмек кайдан эмне келгенин
+2
Aza17
2018-03-22 12:16:36
Жегичтердин ырыскысын Кудайым кенен кылып койгон окшойт. Жоопкерчилик жок каалашынча жейт жегичтерди жазалаган бир жан жок. Эрте жаздан жеп жутарлардын жашоосу гулодуго кеминде 30 лимонду кайрытко чиркин.
+1
jaskaaa
2018-03-22 12:31:59
Aza17,Буларга деле кудай сыноо менен берип атат да. Ушулар кантип пайдаланат экен деп. Тышкы карыздарды 120га бөлүп түрүп төлөтүш керек эле.
+2
Azatbek83
2018-03-22 12:38:52
Азыркы бийлик ушул акчаны да жеп жок кылып бир азын гана иштетип тоолуу аймактарга интернет жетпей калды ал жакка жеткизиш үчүн дагын акча керек деп ЖЕБдин тагдырын кайталашат!
+2
Arlenchik
2018-03-22 12:38:57
Биздин жегичтер коррупцияга кокосунан батып алганына байланыштуу ушу карызга алганды токтотуп бир нече жылга мароторий кылып турса кандай болот эле, баары бир алгылыктуу иш кылышпайт, ушу болунгон 50млн $дын бир нече пайызы жеп жутарлардын сол чонтогуно кетет, карыз аны усток пайызы мн толош керек болот, а тиги бок курсактарга эмне бийликке келип колдорунан келип турганда жеп алып баса беришет, ошондуктан и так эле экономикабыз ото томон абалда турганда карыз алганды токтото турсак жакшы болмок.
+2
al-abu-kinesz
2018-03-22 13:26:38
Эми ушунун кереги бар беле???? Интернеттин алдынкы муктаждыктардын катарына кирбейт го?? Берсе эле кош колдоп ала бересинерби??
+1
talant87
2018-03-22 18:57:00
Айылдан баштап шарга туташтырып калгыла жолдо 1 буйум 600 $ турат карап илип кетпесин
0
munar1980
2018-03-22 23:28:05
Ким ошол акчаны сол чонтогуно салган болсо Оз кызыкчылыгына иштеткен болсо Ошол Адамга Аллахым Бул дуйно наркы дуйно жакшылыкты буйрубасын.
0
Aima94
2018-03-23 02:03:15
80% жешет тешип кетсин!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан