Орусиянын Санкт-Петербург шаарында мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковго арналган эл аралык илимий конференция өтөт. Иш-чара Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) жарыялаган Маданият жылынын алкагында 23-мартка белгиленген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Исхак Раззаковдун ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык илимий конференция Санкт-Петербург шаарындагы Таврика сарайында өтөт. Аталган конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, КМШ Парламенттик аралык ассамблеясынын, КМШ өлкөлөрүнүн илимий интеллигенциясынын, Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук ишмерлер менен студенттер катышат.
Бул иш-чара Жогорку Кеңештин демилгеси менен КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жана Исхак Раззаков атындагы коомдук фондунун көмөгү менен өткөрүлүүдө.
Эл аралык илимий конференция КМШ өлкөлөрүнүн элдерине өзгөчө татаал жана оор 1950-1961-жылдарда республиканын башында туруп, анын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон Раззаковдун өмүр жолу менен ишмердүүлүгүнөн кеңири маалымат берүү максатын көздөйт.
Мындан сырткары, бул күнү Кыргыз дипломатиясынын негиздөөчүсү, кыргыз-орус мамилелеринин башатында турган Тилекмат аке Жылкыайдар уулунун эстелиги салтанаттуу түрдө орнотулмакчы.
Көрүнүктүү советтик, мамлекеттик жана партиялык ишмер Исхак Раззаков 1950-1961-жылдардагы Кыргыз Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон.