Америкалык актриса Риз Уизерспун 1976-жылы 22-мартта АКШнын Луизиана штатындагы Жаңы Орлеан шаарында туулган. Ага атактуулукту "Мыйзамдагы блондинка" тасмасындагы ролу алып келип, ал ролу үчүн "Алтын глобуска" көрсөтүлгөн. Ал эми "Сызыкты басып өтүү" тасмасында талантын дагы бир ирет тастыктап, ал үчүн "Оскар", "Алтын глобус", BAFTA сыйлыктарына ээ болгон.
Актриса карьерасын 1991-жылы "Айдагы адам" тасмасына тартылуу менен баштаган. Андан соң бир канча фильмдерге тартылганына карабастан, ал ролдору элге анчейин сиңген эмес. Чыныгы атактуулукка "Мыйзамдагы блондинка" тасмасына тартылган соң гана жеткен. Андагы ролу үчүн 1 миллион доллар гонорар алып, "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал эми 2003-жылы аталган тасманын экинчи бөлүгү тартылып, Уизерспун анда роль гана жаратпастан, продюсерлик да кылган. Ал үчүн 15 миллион доллар гонорарга ээ болгон.
Андан соң "Сызыкты басып өтүү", "Пенелопа", "Асман менен жердин ортосунда" жана башка бир топ кинолорго тартылып, айрым тасмаларга продюсерлик да кылган.
Актриса 1999-жылы белгилүү актёр Райан Филлиппке турмушка чыгат. Экөө 1 кыз, 1 уулдуу болгон соң 2008-жылы ажырашып кетишет. 2011-жылдан тартып Жим Тот аттуу мырза менен бирге түтүн булатып келишет. Жубайлар 1 уулдуу болушкан.
Риз Уизерспун тууралуу кызыктуу фактылар:
22-марттын жылнаамасы.