"Баламдын көзүнө жана жүрөгүнө бир жылдан кийин операция жасалмай болду" дейт 2 көздүн ордуна шишик менен төрөлгөн ымыркайдын атасы

2 көздүн ордуна шишик менен төрөлгөн ымыркай Табаракты ата-энеси дарыгерлерге көрсөткөнү Оштон борборго алып келишкен. Атасы Асилбек Нуркамил уулунун айтымында, бала жүрөк кемтиги менен төрөлгөн. Азыр анын салмагы кичинекей болгондуктан операцияны көтөрө албайт. Мындан улам бир жылдан кийин гана жүрөгүнө жана көзүндөгү шишикти алуу үчүн операция жасалат.

"Элден айланса болот экен. Батирдин акысын төлөөгө акча таппай турганда, эл көтөрүп кетти. Кайрымдуулардын жардамы менен Бишкекке келип, балабызды да текшерүүдөн өткөрүп алдык. Табарактын 2 көзүндөгү шишикти азырынча алууга болбойт экен. Көзүнө жарык беришкенде ары-бери кыймылдатты. Ошондон улам кареги бар болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Уулумдун жүрөгүндө кемтик бар экен. Анан салмагы да кичинекей болгондугуна байланыштуу, дарыгерлер азырынча көзүнө да, жүрөгүнө да операция кыла алышпасын айтып, бир жыл күтүү керектигин билдиришти", - дейт Асилбек Нуркамил уулу.

Эске салсак, Асилбек Нуркамил уулунун 2 көзү тең көрбөйт. Ал үйлөнөрдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз издеп, 2012-жылы Жазгүл аттуу кызга үйлөнгөн. Улуу кызы Хафиза ден соолугу чың төрөлгөн, бирок сүйлөө жагынан аксайт. 2-кызы Басиранын да көзү азиз. 3-баласы Табарак көздүн ордуна 2 шишик менен төрөлгөн. Оштон Бишкекке келип, баласын ооруканага көрсөткөнгө акчасы жок, кыйналып жаткандарын айтып Нуркамил уулу SUPER.KG порталына интервью берген.

"Уулумдун көзүнө операция жасаталы десек наркоз көтөрө албайт" дейт ата
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Adikoo2011.
2018-03-22 21:23:55
Ий садага болуп кетейн ширин бала куда каласа жакшы болуп кетет Алла шыпаа берсин
+16
Anarik87
2018-03-22 21:33:57
Аллах шыпа берсин айгып кетсин колунда барлар аянбай жардам бергиле
+15
rima93
2018-03-22 21:47:17
АЛЛАХЫМ шыфаасын берсин. Эртерээк айыгып кетсин
+11
emirchik
2018-03-22 22:18:55
Байкуш шору бар бала Жакшы Болуп кетсин Аллахым шыпасын берсин!
+7
marmiladka9
2018-03-22 22:40:36
журогунун кемтиги озу бутуп кетээр, айыгып козу жарыктыкты коргон насип кылсын баланызга
+8
balykchy2012
2018-03-22 23:33:15
Оо,Робим! Өзүң мээримдүү,ырайымдуу, кудуретүүсүң баардык мактоолор,шүгүрлөр өзүңө болсун. Ушул наристеге өзүң шыфаа бере көргүн. Ата энесине баардык үй бүлө мүчөлөрүнө бекем ден соолук сабыр бере көргүн. Амиин.!
+6
emirchik
2018-03-23 00:01:48
Тел ном калтырып койгулада колдон келишинче жардам берели?
+2
BakytAliev
2018-03-23 07:23:21
emirchik, акчанызды жыйып турунуз 1 жылдан кийин жардам беребиз
+2
Shanson
2018-03-23 00:05:00
көзү азиз болсо да көөдөнү азиз эмес экен! эки көзү алаңдагандар да мындай акыл жүгүртө албайт. Аллахтын сыноосу. көтөрө алчуга берет.
+4
gulu1991
2018-03-23 00:06:32
ООО кудайым козу коруп калсын озун шыфасын бер
+2
cholpon119966
2018-03-23 00:28:31
Мен ушул уй булоо тууралуу биринчи коргондо аябай ыйлаганмын жардам бергим келген. Жардам колун сунган адамдарга Аллах раазы болсун. Эч ким баласынын ооруп азап тартканын корбосун. Аллахым наристеге шыпаа берсин. Козу коруп, атасы айткандай кыргыздын керегине жараган уулдардан болсун.
Супер инфо ушул уй булонун тагдырын унутта койбой окурмандарга маалымдап туруунуздарды странам.
+6
mirana9395
2018-03-23 01:22:19
шириним менин жатканын томпоюм,Куда кааласа Аллахым козуно шыфаа берип жарык ааламды коору сага да насип этсин козу.
+2
dinar-87
2018-03-23 01:22:20
Келгиле туугандар козу коруп окуп турган ар Бир адам аллахка мин мертебе шугур келтирип жарыктыкты корушту насип эткен учун колубуздан келгенче жардам берели 100сом болсо да.Коп тукурсо кол болотко.
+1
Begimai85
2018-03-23 01:37:43
Номерлери турат видеонун аягында
+1
ayana16
2018-03-23 01:44:07
Аллах шыпаасын берсин
+1
chakieva87
2018-03-23 03:24:01
Аллахымдын сыноосу бул дагы сабырдуулук тилейм . Аллахым шыпаасын берсин .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан