Нооруз майрамынан соң борбордук аянтты тазалоо иштери жүрүп, жыйынтыгында 11 тонна таштанды чыгарылган. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, тазалоо иштерине 14 атайын техника жана 60 жүктөгүч менен көчө шыпыруучулар тартылган. Майрам күнү аянтка жалпысынан 16 желим таштанды таштоочу челектер менен 10 контейнер коюлган. Тазалоо иштеринен соң 11 тонна таштанды чыгарылган.
Борбор шаардын майрамдан кийинки көрүнүшүн бул шилтеме аркылуу көрө аласыздар.