"Чет өлкөдө жүрүп өлүм тапкан кыздарга кейидим" дейт социалдык тармакта сынга кабылган ырчы Жамиля Муратова

Социалдык тармактын биринде кыргыз эстрада ырчысы Жамиля Муратованын Түркиядагы киши колдуу болуп каза болгон кыздын өлүмүнө байланыштуу жазган билдирүүсү коомдук талкууга жем таштады.

Анда Акбалык Жумалиева: "Жамиля Муратова деген ырчы жакында Түркияда киши колдуу болуп каза тапкан кызды табалап, кемсинтип, ата-энесин айыптап жазыптыр.
Адамдын башынан ар кандай тагдыр өтөт. Ажал келсе түрдүү жол менен алып кетет экен, өлүмдү табалоо акмактын иши. Тиги маркум кыз жумушунан чыгып, үйүнө бара жатса машина менен келип тийишип, күч менен салып кетип өлтүргөнү аныкталды.
А Жамиля Муратова ал кыздын абийирине, ата-энесине чейин асылыптыр. Жамилия Муратованын жашоо шарты кандай экенин билбейм, бирок ал жумуш издеп, ата-энесин багып, өзгө элде жүргөн кыз-келиндин баарына сөз тийгизгени туура эмес. Чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү назик, таза болчу эле. Мунуку андай эместей", - деп жазып, ырчы айымды жамандагандар, жактагандар болууда.

Ал эми Жамиля Муратова дарегине карата айтылып жаткан сындарды туура кабыл аларын, кыргыз жарандарынын мигрант болушуна каршы экендигин SUPER.KG порталына билдирди.

"Социалдык баракчама жазган билдирүүмдөн кийин мени канчалаган социалдык тармактын колдонуучулары жаман көрүп калышты. Мейли, жаман көрсө көрө берсин. Мен жазган постум менен кыздын ата-энесин, маркум кызды табалап, кемсинткен жокмун. Алмончоктой эле кыздарыбыз башка жерде, башка элдин колунан өлүп жатканына кейидим. Эмнеге чет өлкөгө кетишет? Чет элде кемпир-чал багып, алардын "аягын" тазалаганча, мекенинде, ата-энесинин жанында жүрө беришпейби. Суу ичсе деле Кыргыз жергесинде калып, жер тытмаласа оокат кылып кетет. Өз укуктарын билип-билбей барып алышып кор болуп жүрүшөт. Бул деген ата-эненин жетишсиз тарбия бергенинен. Мен жаш кыздардын, балдардын мигрант болуп кетишине каршымын. Ошондон улам жеке баракчама билдирүү жаздым. Балким окугандардын арасында чет өлкөгө кетейин деп камданып жаткандар болсо баш тартат деп ойлодум. Бир кыздын болсо да тагдырын талкалап албашына жардам бергим келди", - деди ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Okunboim.
2018-03-22 14:06:41
Биз дагы ата-энебизге аз болсо да жардам берсек дейбиз! Чет жерде жургон кыздарды жаман аты кылбай туура тушунгонду уйронолу.
Туура, жаман жолдо жургондор да бар. Бирок, кээ бирки адамдар "эшек дурбосо калганы кошо дурбойттон болуп кошуп ташып суйлоп койот.
Соз суйлогондон алдын ошол созду иликтеп, жиликтеп суйлойлу!
+19
Janybekleilekkg
2018-03-22 14:12:53
Ажалын жетсе уйдо деле олуп каласын
+19
Muslim_KGstana.
2018-03-22 15:46:09
Жамила
ХХХХ ,кайра эле дабдырап суйлоп коюптур
+9
MUHLISA
2018-03-22 17:18:39
Эмнеге эч киминер акыйкатты кабыл алгынар келбейт .Жамиля Муратова негизинен туура айткан ,азыр кыздардын кобу бешиктен бели чыкпай жатып талаада кор болууда ....Байкуш кыз жаткан жери жайлуу болсун ,жапжаш кыз экен.
+3
Nibiru.
2018-03-22 17:38:25
MUHLISA,курсагынды жармага кампайтып алып,суйлой берген неме окшойсун
+5
Nibiru.
2018-03-22 17:42:29
Бул ырчы соорой каарыганда алжый баштаса керек. Болбосо эмне деп эле ойду-тоону суйлоп жатат тушунбой койдум. Андай болсо ошол чет жерде тиргилип кылып жургондорго сен акча берип,багасынбы? Озунду дурустап бак андан коро. Алар оокат деп,келечек тузоюн деп талаалап журушот. Андай кыйын экенсин эмнеге бийликтеги отургандарды сындабайсын,ошол жаштарга шарт тузуп жумуш менен камсыз кыла албаган. Создун да чеги болот да. Унутулуп,аты чыкпай калса эле калжырай берген болбойт озумду корсотоюн деп.
+4
Ma9
2018-03-22 18:15:31
чындыгын бул жактан курсагыны тойгузуп жашасан болот бирок кунуно тапкан 300сом эч нерсеге жетпейт уйу жоктор уй алайын деп барат курсагын тойгузганы эмес силер бир ырдап канча акча аласынар ошого силерге жетет эртеден кечке идиш жубуп 300сом аласын кыргызстанда
+7
raykray
2018-03-22 18:50:27
Ошо Чет олкодон акча келип кыргыздан жарымы артист болуп жатат, байып жатат?! Депуттарда ошо учун кооп жатат?! Кыргызстандын экономикасын мигранттар которуп жатат!!! Туура мен жаш кыздар чыгып талааалап кетсин дебейм мамлекет тарабынан биздин той маарекелерге гана чектоолор киргизилсе! А то бай байга жетем деп байга кудайга жетем д баратат
+12
Nevestkaa
2018-03-22 21:16:41
Эч ким эч жака кетпей Кыргызстанда иштесек бирибизди бирибиз тытып жеп коебуз,ошол миграция бар үчүн сен тойлоп жүрөсүн чоңдоруң бизди "инвестор"деп тантып жүрүшөт.Билишимче баласы прокуратурада иштесе керек,билебиз прокурорлордун"парасы доллар"болоорун.Биздин айлык Кыргызстанда 20болсо эле болот эле,биз дагы ата эне балдарыбызды сагынып жүрбөйт элек менттерден качпайт элек.Чоң эле аял экен ойлонуп сүйлөбөйбү дөөпөрөс.
+9
sely
2018-03-22 22:52:03
Айланайын фонаграмма мн жан баккандар ошол чет элде иштешип биздин жарандар силерге жумуш бп атат тойлор болуп эки жакты карап созду олчоп баштыка салып же болбосо кагазга ороп суйлош кк. Кайнененин карды ток келир мн иши жок деп коет. Оозу мурдунар кыйшайбай бир тойго 200$ ырдайм дейсинер ошол кыздарыбыздын бирин дом работница кп алгыла бирин няня кп дагы бирин гувернатка кп жумуш мн камсыз кылгыла айына 20000 сомдон айлык толоп мына ошондо 100 % гарантия берем биздин жаштарыбыз эч жака кетпейт
+3
Arlenchik
2018-03-22 22:57:35
Негизинен кыздар чет жака чыкпайле кыргызстандан иштесенер болот, чет жакта кор болбой, азыр швеяга суроо талап абдан жогору, жакшы тиксен маянасы да жакшы, чет жактагыдай 12,13 сааттан иштесенер кыргызстандан деле жакшы табасынар.
+3
bekub1473kg
2018-03-22 23:26:03
Туура айттып жатат менда рассиядамын орустарды коргум жок айла жок кыргызтанда иш кылайн десен налок салып текшере берет иш баштай элек жатып
-1
Laguna2017
2018-03-26 20:10:35
Тундук Кореяга окшоп бут жаап салса айла жок жашайт элек оз Мекенибизде. Балким ошо туурадыр
0
Azatbek83
2018-03-27 01:39:24
Laguna2017,аны Ашага барып айт корейлер Орусияда иштеп эле жатышат военный техника бойунча Кыргызстанды чаңында калтырат!
0
Rahim76
2018-03-26 21:56:18
Жамила эже туура айтат.
+1
Kanubek87
2018-03-26 22:17:25
Кыргызстанда эле иштеп тапса болот дегендер кичине ойлонуп суйлогуло кыргызстанда силер таап жаткан акча ошол мигранттар акча салып кыргызстандын чондоруда дыйканыда таксистида артисида акча таап кунун откоруп жатат ошол мигранттардын омуру узун ден соолугу чын болуп журо берсиндер деп бата кылгыла менда кылам ооомин анан тиги эжебиз ХХХХХХ ХХХХХХХ
+1
Sezimim...
2018-03-27 00:03:13
Бироо акчаны оной табат...Кимдир бироолорго нан табуу кыйын. Нан тапкан менен уй жай керек,кийим керек.80% мигранттын баары Кыргызстанга акча салат.Элде акча бар концертке барат,адамдар концертке барбай калган учурлар да болгон.Кайсы бир ырчыбыз дан, тоокко окшогон нерселерди алып концерт коюп калган учурларыбыз да болгон деп...Элде акча бар бизнес кылгандардын иштери болуп атат.Элде акча жок болсо бизнесинер да журушмок эмес...
+1
IL Suren
2018-03-27 08:50:30
Кээ бир ата-энелер балдары мектепти бүтпөсө деле Россияга жөнөтүп жиберишет.Жамиля эже туура айтат,балдар-кыздар өз укугун билищпейт.Сабакты калтырбай окууга барайын десең "эмне профессор,академик болмок белең"-деп талаага же мал караганы жөнөтүп жиберишет.Анан чоңойуп,жашоодон артта калганда "өзүңдү эптей албадың"-дешет.Баланын келечеги ата-эненин колунда.Кичине чоңойсо эле "акча тап" деп талаага жибербей,келечегин да ойлоп койуш керек.Антпесек өмүр бою мигрант бол
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан