Кыргыз жергесинде үй-бүлөлөрдүн туура эмес тамактануусу балдардын ашыкча салмактуулугуна же салмагынын аздыгына алып келип, өсүп-өрчүүсү начарлап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта өткөн маалымат жыйында Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун бөлүм башчысы Элмира Кабылова билдирди.
Анын айтымында, учурда туздун курамындагы йоддун жоктугу да балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө.
"Кыргыз өлкөсүндө 7 жаштагы баланын ден соолугуна атайын адистештирилген изилдөө жүргүзүү алкачкы жолу өткөрүлүп жатат. Изилдөөнүн жыйынтыгы бүгүнкү күндө жаш балдардын аз салмактуулугу же ашыкча салмагынын келип чыгуусунун себебин так аныктап, аны менен туура күрөшүүдөгү стратегияга жардам берет. Учурда көп жерлерде курамында йоду жок тузду колдонуп келишет. Андан сырткары, жаш балдар тузду тамакка көп колдоно башташты. Бул да өз учурунда ден соолукка терс таасирин тийгизип жатат", - дейт Кабылова.
Айта кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин 2014-жылы жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында, 1 жаштан 6 жашка чейинки балдардын аз салмактуулугу 7 пайызды түзгөн. Ошондой эле аз салмактуулук жаңы төрөлгөндөрдүн арасында катталып, ал 6 пайызды көрсөткөн. Ал эми бул көрсөткүч 2012-жылы 2 эсеге жогору болгонун адистер белгилешти.