"Каравандын" сатылышына анда иштеген ишкерлер каршы чыгууда

Экс-депутат Нариман Түлеевден мамлекеттин карамагына алынган "Караван" соода борборундагы ижара алуучулар имараттын сатылышына каршы чыгууда. Бүгүн, 22-мартта алар маалымат жыйынын куруп, соода борборунун сатылышын адилетсиз деп аташты.

Ишкерлер соода борборундагы ижара акы, түзүлгөн шарт, мамлекетке киреше түшүп жаткан чакта аны жеке менчикке сатып жиберүү туура эмес чечим деген пикирди карманууда.

"Каравандагы" эң арзан ижара акы чарчы метр үчүн 550 сомду түзөт. Эң кымбат ижара 1500 сомго чейин барат. Бизге мамлекет кызматташууда ижара акыны да арзандатып берген", - деди сатуучулардын бири Дамира Абдиева.

Ижарачылардын бири Минура Буудайчиева соода борборун бироо тартып алууга кызыкдар болуп жатканынан күмөн санап жатканын билдирди.

"Караванды" азыр бирөө тартып алгысы келип жатат. Биздин имарат банкрот эмес. Жылына миллиондогон киреше салабыз. Биздин ижара акы мамлекетке түшкөнү эки жактан да пайдалуу. Эртең жаңы кожоюну пайда болуп, бизди айдап чыкса, биз кайда барабыз? Ошондуктан биз анын менчиктештирилишине каршы чыгып жатабыз", - деди Буудайчиева.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы "Караван" соода борбору 2017-жылы 25-апрелде Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына алынган. Быйыл 16-мартта парламенттин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында "Караван" сатыла турганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirlan27011987
2018-03-22 14:33:39
Бироо жашаш учун иштеп журот, бироо жеш учун жашап журот.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан