Еврокомиссия Европа биримдигине кирген 28 өлкөнү жана Норвегия, Исландия мамлекеттерин акысыз интернет менен камсыз кыла турган "Европа үчүн бирдиктүү тармак" долбоорун кабыл алды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.
Долбоордун биринчи этабында калк жыш жашаган 1000 аймактын коомдук жайларына акысыз интернет таратуучу жабдыктар орнотулат. Ал үчүн ар бир өлкө үчүн Евробиримдиктин казынасынан 15 миң евро бөлүнөт.
"Биз буга чейин колдонуп келген кызматтын аймагын кеңейтип, колдонуучуларын көбөйтөбүз. Андыктан Европа мамлекеттерин да кошууну туура көрдүк", - деп билдирген экономика комиссары Мария Габриэль.
Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпы бюджеттен 120 миллион евро бөлүнгөн. Кабыл алынган программанын максаты - колдонуучулардын кызыкчылыгын коргоо, адамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана коомдо активдүү болууга дем берип, кызыктыруу. Бул долбоордун кызматын пайдаланууну каалаган өлкөнүн бийлик өкүлдөрү азыртан арыз берсе май айында каражат бөлүнөрү да айтылган.