Кечээ, 21-мартта Бишкек шаарында футзал боюнча Өлкө чемпиондугунун финалдык беттеши орун алды. Анда Оштун "EREM" командасы Бишкек-Чүйдүн "Sun City" командасы менен кез келди.
Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде орун алган финалдык беттеш 9:3 эсебинде оштук команданын жеңиши менен жыйынтыкталды. Оюндун жүрүшүндө "EREM" командасынан Алиа Силла 2 жолу жана Эмил Канетов, Юлдашбай Салимбаев, Адилет Култаев, Бексултан Назаров, Улан Байгазы уулу, Кирилл Ермолов бир жолудан атаандашынын дарбазасына гол киргизсе, "Sun City" командасы буга Рустам Хамидовдун 3 голу менен жооп берди.
Муну менен "EREM" командасы 2-жолу Өлкө кубогун багындырды.
Мелдештин жыйынтыгында, мыкты дарбазачы деп "EREM" командасынын оюнчусу Кирилл Ермолов аталды.
Мыкты бомбардир наамына "EREM" командасынын чабуулчусу Алиа Силла татыса, мелдештин мыкты оюнчусу "Sun City" командасынан Мирлан Жолдубаев болду.