ӨКМ: "Бишкек-Ош унаа жолунда атайын кар көчкү түшүрүү иш-аракеттери жүрүп жатканына байланыштуу каттам жабылды"

Бишкек-Ош унаа жолунда атайын кар көчкү түшүрүү иш-аракеттери жүрүп жатканына байланыштуу каттам жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 22-мартта саат 14:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 121-чакырымында, тактап айтканда Төө-Ашуунун Бишкек тарабындагы боорунда атайын кар көчкү түшүрүү иш-аракеттери жүргүзүлдү. Ал жерге 720 метр куб көлөмүндөгү кар көчкү түшүрүлгөн. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат, каттам бир нече сааттан кийин ачылат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан