Бишкек шаардык соту жөлөк пул жөнүндө мыйзам долбооруна байланыштуу Нурбек Токтакуновдун арызын карады

Бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык соту мамлекеттик жөлөк пул мыйзам долбооруна байланыштуу жарандык активист жана укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун арызын карады.

Сотто Нурбек Токтакунов жөлөк пул боюнча жаңы мыйзам долбоору шашылыш кабыл алынганын, коомдук талкууга коюлбаганын, өкмөт мыйзамды бузуп жаткандыктан сотко кайрылганын белгиледи. Анын талабы сунушталып жаткан жөлөк пул боюнча мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу экенин айтты.

"Мыйзам долбоору даярдалган соң коомдук талкууга коюлушу керек болчу. Бишкек шаарынын райондор аралык соту "сенин бул маселеге тиешең жок" деп, ишти кароодон баш тарткан. Мыйзамда ар бир жарандын укугу көрсөтүлүп турса, кантип тиешем жок болсун. Мен шаардык сотко ошол укугумдан пайдаланып кайрылдым. Негизги талабым өкмөт даярдаган жөлөк пул боюнча мыйзам долбоорун жокко чыгаруу", - дейт Токтакунов.

Шаардык сот Нурбек Токтакуновдун арызын карап чыгып, жыйынтыгында мыйзамдагы көрсөтүлгөн негиздерге таянып чечимдин жообу 26-мартта угузуларын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayida
2018-03-22 22:43:22
Жолок пул не болду экен а Супер инфо ?Супер инфодон гана кутуп жанылык окуймунго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан