Бишкек-Ош унаа жолундагы атайын кар көчкү түшүрүү иш-аракеттери аяктап, каттам ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кар көчкү түшүүсүн алдын алуу үчүн Бишкек-Ош унаа жолунун 121-чакырымында, тактап айтканда, Төө-Ашуунун Бишкек тарабындагы боорунда атайын кар көчкү түшүрүү иш-аракеттери аяктап, каттам ачылды. Кар көчкү, саат 15:45тер чамасында толук тазалынып бүттү", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин ӨКМдан Бишкек-Ош унаа жолунун 121-чакырымында атайын кар көчкү түшүрүү иш-аракеттери жүрүп жатканына байланыштуу каттам жабылганын кабарлашкан болчу.