Бишкек ЖЭБ шаардыктарга жылуулук берүүнү бүгүн, 22-март күнү токтотконун "Электр станциялары" ишканасынан кабарлашты. Мекеменин басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиеванын билдиришинче, жаз келген учурда аба ырайынын температурасы беш күн катары менен 8 градустан жогору болуп турганда жылуулук берүү өчүрүлөт.
"Бүгүн Бишкек ЖЭБ эртең мененки саат 8де жылуулук берүүнү өчүрүп баштады. Ал эми райондор боюнча өчүрүүнү "Бишкек жылуулук түйүнү" ишканасы чечет. Анткени бардыгын бир учурда өчүрүү же күйгүзүү техникалык жактан мүмкүн эмес. Ошондуктан бир сутканын аралыгында толугу менен өчүшү күтүлөт", - деди басма сөз катчы.
Шаарга жылуулук өткөн жылдын октябрь айынын ортосунда бериле баштаган.
Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБдин модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн.