Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан жол кайрадан жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-мартта Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда жана Талас районундагы Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн 23-март саат 06:00гө чейин унаалардын бардык түрлөрү үчүн жол каттамы жабылат. Министрлик жүргүнчүлөргө Бишкек-Ош унаа жолу менен кечке маал алыскы сапарга чыкпоону эскертет.
"Биз тазалоо иштерин бүгүн саат 15:45те бүтүрүп, жол ачылган. Адистердин эскертүүсү менен Бишкек-Ош унаа жолуна кайрадан чектөөлөр киргизилди. Жол эртең, 23-мартта саат 6:00дө ачылат. Бирок бир нече талаптар менен унаалар коё берилет. Ар бир унаанын аралыгы 500 метрден сакталуусу зарыл. Унаалар техникалык талаптарга толук шайкеш келиши керек", - деп билдирди.
Айта кетсек, буга чейин аталган министрлик кар көчкү тазаланып, каттам ачылганын кабарлаган.