Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районуна кирген жолдун жээгине унаалардын токтоосуна тыюу салган атайын белгилер орнотулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ага лейтенанты Жаныбек Баялиев билдирди.
"Ал көчөдө унаа токтотконго тыюу салган да, уруксат берген да белгилер коюлбаптыр. Ал негизги чоң көчө эмес, көп кабаттуу үйлөрдү аралап кеткен чакан көчө. Эми күн жылыса жолго керектүү сызыктар сызылып, унаа токтотконго тыюу салган белгилер илинет. Керектүү чийиндерди чийип берүүсү үчүн "Бишкек асфальт сервис" ишканасына да атайын маалымат жөнөтүлдү", - дейт Баялиев.
Айта кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу "Туңгуч кичи районуна кирип бара жаткан жолдун бир тарабын айдоочулар унаа токтотуучу жай кылып алышты" деген билдирүүнү жөнөткөн болчу.