Орусиянын президенттик шайлоосунан жеңишке жеткен Владимир Путин жана АКШ президенти Дональд Трамп өз тышкы иштер министрлерине эки тараптуу саммит өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бүгүн Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маалымат жыйынында президенттер саммит качан жана кайда өтөрү тууралуу даярдык иштерди баштоону эки жактын тышкы иштер министрлерине тапшырганын айтты. Ошондой эле Песков бул саммит аркылуу эле эки тараптын мамилесининин өркүндөшү тууралуу айтуу эрте экенин билдирди. Биринчи эки тараптуу сүйлөшүүнү уюштурууну камсыздоо керектигин кошумчалады.
Буга чейин Путиндин президенттик шайлоодогу жеңиши менен Трамптын кечигип куттуктаганы коомчулукта кызуу талкуу жараткан.