Бишкекте маршруттук таксилердин 67 айдоочусуна айып салынды

22-февралдан 24-февралга чейин Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн кызматкерлери маршруттук таксилерге рейд жүргүзгөн. Аталган мекемеден маалымдалгандай, рейддин жыйынтыгында 67 айдоочуга административдик протокол түзүлүп айып салынган.

Рейддин жүрүшүндө маршруттук каттамдарды ишке ашырган ишканалардын ишмердүүлүгү, андагы унаалардын техникалык, санитардык абалы текшерүүгө алынган.

"Маршруттук таксилердин сырткы көрүнүшү, ичинде жүргүнчүлөр үчүн отургучтардын абалы, алардын саны, ошондой эле айдоочулардын жол эрежелерин сактоосу текшерүүгө алынды. Жалпысынан 67 айдоочуга айып салынып, анын ичинен 8 кичи автобустун техникалык абалы начар болгондуктан айып аянтчасына токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kymyzkyz
2018-03-23 07:54:45
Туура кылышыптыр
+2
Almazbek81
2018-03-23 08:35:00
Тралебус автобустарды да текшерип койбоптур,алардын ичиге кирсеңда ичин чаң басып жылдап жуулбай жүргөндөр бар.
+1
Ayida
2018-03-23 13:14:42
Аз ,негизи баардык маршуртка тушсон одоно корунушко туш келесин. Телефон мн суйлошот колдорунан тушпойтго кайерде мына улицада гаи турат деп бир бирине айтып турат.Жол кочо сурасан билбейм дейт.Озунун эле кундо барган келген жолун билет башканы билбейт экен катуу текшериш керек дагы
0
Ayida
2018-03-23 13:15:02
Баары эле эмес бирок копчулугу.Айрыкча Орус башка улуттар жооп бергиси келбейт даже
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан